super.kg logo

"Мигранттар ынтымактуу калк экенин көрсөттү". Миграция кызматынын башчысы чет элде эмгектенип жүргөндөрдү майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү. Бул күнгө утурлай борбор калаада иш-чара өткөрүлүп, анда пандемиянын мигранттарга тийгизген таасири, негизи эле миграция маселеси тууралуу талкууланды.

Өлкөнүн Миграция кызматынын башчысы Самат Токтоболотов пандемияда мигранттар өздөрүнүн ынтымактуу эл экенин көрсөткөнүн айтат.

"Пандемия башталганда алгач абдан оор болду. Бирок биздин элчилик диаспора абдан активдүү иштеди. Ар кайсы жактан түрдүү жардамдар келип жатты. Анан калса биздин мигранттар абдан ынтымактуу экендигин көрсөттүү. Ошондой эле биздин мигранттардын жаңы образы түзүлдү. Алардын билим деңгээли өстү десем болот. Себеби алар чет өлкөдө өздөрүн кандай алып жүрүүнү, мыйзамды сактоону билишет. Келгиле мигранттардын эмгегин баалайлы. Бүгүнкү майрамы менен бардык мигранттарды куттуктайм", - деди ал.

Ал эми "Жашы улгайгандар үчүн ресурстук борборунун" координатору Юлия Саломатина кыргыз мигранттары үчүн иштелип чыккан долбоор аз убакыт аралыгында өзүнүн жыйынтыгын көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Ушул жылдын август айында биздин борбор USAİD менен биргеликте "Борбордук Азиядагы коопсуз миграция" долбоорун иштеп чыкты. Анда жүздөгөн мигранттарга юридикалык жана психологиялык жактан адистерден күнү-түнү акысыз онлайн кеңеш берилип жатты. Биздин кызмат аларга социалдык тармактар аркылуу көрсөтүлүүдө. Сентябрь-ноябрь айларынын аралыгында биздин кызматтан 501 мигрант пайдаланды. Алардын көпчүлүгү айымдар болду. Ошондой эле көбүнесе юридикалык жактан жардам сурагандар кайрылды", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: