super.kg logo

Кыш менен кошо келген ыш маселеси: Кыргызгидрометке абанын сапатын көзөмөлдөөчү жабдуулар тапшырылды

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигине Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан абанын сапатын көзөмөлдөөчү жабдыктар тапшырылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Гидрометеорология агенттигинин Атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Алипованын айтымында, 2020-жылы Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунда абанын сапатын жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын ишке ашыруу максатында Азия Өнүктүрүү Банкы менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган. Ушул меморандумдун алкагында жылдын акырына чейин Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында 50 даана "Clarity NODE S" датчиктери орнотулат.

Датчиктерди орнотуудан мурда Бишкек шаарын жана анын айланасын картага жайгаштыруу үчүн бир топ жумуштар жасалган. Абанын булганышы тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн жабдыктар Бишкек шаарында гана эмес (борбордо 42 сенсор бар), Аламүдүн районуна, Сокулук районуна жана Ысык-Ата районуна да орнотулат.

Станциялардын жайгашкан жерлерин тандоодо негизги принцип белгилүү бир таасирди аныктоо болгон жана шамалдын багыты, ылдамдыгы жана жыштыгы эске алынган", - дешти мекемеден.

Аймактардагы абанын булгануусун көзөмөлдөө үчүн датчиктерди төмөнкү аймактарга орнотуу мерчемделүүдө:

Унаа кыймылы менен байланышкан жерлер - 16 даана;

- Автовокзалдардын жанында - 4;

- Өнөр жайга байланыштуу жерлер - 7;

- Көмүрдүн, отундун жана башкалардын күйүшүнөн чыккан түтүнгө байланыштуу жерлер - 9;

- Фондук байкоо - 14 сенсор.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.12.2020. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне фотосун нокиа менен тартканбы бозоротго.
18.12.2020. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданияттуу эле жаздымго эмнеге очуруп саласынар супер?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: