super.kg logo

Мигранттардын кайтып келүүсү менен өлкөдө жумушсуздардын саны өстү

 

Мигранттардын массалык түрдө кайтып келүүсү өлкөдө жумушсуздардын санын арттырды. Бул туурасында бүгүн, 18-декабрда "Борбордук Азия кыймылы" жарандык өнөктөш платформасынын координациялык комитетинин төрайымы Нурия Темирова билдирди.

"Пандемия башталганда өлкөгө мигранттар массалык түрдө кайтып келди. Статистика боюнча айтсак, миграцияда жүргөн 50 миңден ашуун жарандарыбыз кайтып келди. Алардын кайтып келүүсү менен жумушсуздардын саны дагы өстү. Мурда өлкөдө 1 жумуш орунга 3-4 адам туура келсе, учурда 15 адам туура келүүдө. Эми дал ошол жарандарыбыз кайрадан кетүүгө арга таппай жүрүшөт, өлкөдө болсо жумуш жок. Аны менен катар эле көптөгөн үй-бүлөлөрдүн киреше булагы да кыскарды. Ал эле эмес биздин экономикабыз дагы мигранттар салган акчага көз каранды экендигин айтышыбыз керек. Бул көрсөткүч мамлекет жаңы жумуш орундарын түзүүсү керектигин көрсөтөт", - дейт Темирова.

Ошондой эле ал өзгөчө кырдаал учурунда мигранттарды колдоо фондун ачуу керектигин айтат.

"Пандемия учурунда чет жакта жүргөн мигранттарга абдан оор болду. Вирус күчөп, карантиндик чектөөлөр болуп жаткан маалда көптөгөн мигранттарыбыз жумуш орундарын жоготуп, акчасыз калышты. Айрымдары батир акысын төлөөгө, үй-бүлөсүн багууга каражат таппай калып кыйналып жатты. Мындан улам ушундай өзгөчө кырдаалдарда мигранттарды колдоо фондунун зарылдыгын айткым келет", - деди Нурия Темирова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: