super.kg logo

"Романтик" жигиттин гүл менен байланышкан маселеси чечилди

 

Бишкектеги Ак Үйдүн маңдайындагы гүл саткан дүкөндөрдүн биринен букет роза гүлүн уурдаган жигит келип кечирим сурап, акчасын төлөдү. Бул тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары сүрөт тиркеп жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, жигит уурдалган гүлдөрдүн акысын бөлүп-бөлүп төлөп берет. Колдонуучулардын айтымында, дүкөн ээлери аны кечиришкен.

Ал эми сүрөттө жигит кызга шоколад берип жатканын көрүүгө болот.

Окуя мындан бир ай мурда болгон. Бирок гүл саткан дүкөндүн администрациясы өзүнүн Инстаграм баракчасына камерага түшүп калган видеону 2 күн мурда жарыялады. Анда роза гүлдөрүн тандап алган жигит, кызматкерлердин бирин четке түртүп, сыртта күтүп турган таксиге түшүп, качып кеткени айтылган.

"Биз жигиттин адептүүлүгүнөн үмүттөнүп, нөөмөттүн аягына чейин акча күтүп отурдук, бирок ал кечинде да, эртеси да келген жок. Дээрлик бир ай өттү. Натыйжада биздин салондун ээси бул видеону жарыялоо менен жигитке акыркы мүмкүнчүлүктү берүүнү чечти. Эгер бизге үч күндүн ичинде келбесеңиз жана гүлдүн баасын төлөбөсөңүз, анда биз укук коргоо органдарына кайрылабыз. Эр жүрөк болуңуз жана гүлдүн айынан жашооңузду бузбаңыз", - деп жазылган гүл саткан дүкөндүн баракчасында.






Бишкектеги салондордун биринен гүл уурдаган жигит келип акчасын төлөдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.12.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дүкөндүн пиары го атайын уюштурган.. Былтыр да ушул сыяктуу чыкты эле го..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: