super.kg logo

Балдар адабияты боюнча сынак жарыяланды. Анын жол-жобосу

 

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат:

- балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп);

- балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп);

- балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн;

Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт. Чыгармалар басмаканалык шрифт менен басылган түрдө алты нускадан кем эмес санда берилет. Материалдар 20-декабрдан баштап 2021-жылдын 1-мартына чейин, иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынат. Сыйлыктар 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.

Кененирээк сурап билүү үчүн байланыш телефону: (0312) 66-11-28, 62-34-97, 0550 99-05-27.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: