super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. 14 күндө облуста жол эрежесин бузган 1473 айдоочу кармалды

 
16-сентябрдан 30-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда айдоочулардын жол эрежесин бузуусу боюнча рейд жүрдү. Облустук Жол-кайгуул кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Шыкмамат Бейшембиевдин айтымында, 14 сутка ичинде жол эрежелерин бузган 1473 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. "Автоунаасы талапка жооп бербеген 23, мас абалында рулга отурган 143, унаасын жогорку ылдамдыкта айдаган 330, документи жок 41, коопсуздук курун тагынбаган 120, жол белгилерин көзгө илбеген 63 айдоочу кармалды”,- дейт Усубакунов. Кармалган айдоочуларга тийиштүү чаралар көрүлдү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: