super.kg logo

"Өгөй атасы кыздын колтугуна сайып тийишкенин, түндө ойготконун көрүп шек санагам" дейт зордукталдым деген кыздын таежеси

 

Токмокто 15 жаштагы кызды өгөй атасы эки жылдан бери зордуктап келгенин айтып чыкты. SUPER.KG порталына кыздын таежеси Гүлзада Сарукева кыздын апасы менен өгөй атасынын ортосунда жети баласы бар экенин айтты. Кыз бул үй-бүлөнүн улуу баласы болгондуктан үйдө бөбөктөрүн карап 1-класстан кийин мектепке да барбай, окубай калганын айтып берди.

"Кыз мурдагы өгөй атасы тарабынан кордук көрүп, аны сабап жүргөндөрүн көрүп, күбө болуп жүргөнбүз. Кыздын денесинен көк ала тактарды көрүп калчубуз. Кыздан сурасак апасы менен атасы тарабынан сабалып жүргөнүн айтып берген. Колу-бутун байлап, жер төлөөгө салганын да укчубуз. Бир жыл мурун эле ушундай эле окуя болуп, байкем эскертүү берген. Мен бир жыл мурун ошол сиңдимдин үйүндө жашап жүрүп байкай баштадым. Кээде күйөө балам экөөнүн бир бөлмөдөн чыгып калганын, аны ойготконун, колтукка сайгылып тийишкенин көрө баштадым. Кыздан сурасам, "ооба, бирок аны ата-энеме айтпаңыз, билсе өлтүрөт деп айтып берген". Мындан бир ай мурун кызды доктурларга алып барып текшертсе "кыз эмес болуп чыкты" аны да жашырып жүрүштү. Аягында кыз менден жардам сурап, "үйгө баргым келбейт, өз атамды таап бериңиз дей баштады". Мен бул тууралуу сиңдим менен күйөө балама айтсам, алар кайра мени күнөөлөп мага ишенишпей, кызга ар нерсени үйрөтүп атасын деп жатышат", - дейт таеже.

Учурда кыз Бишкектеги психикалык ооруканада жатат.

"Кыз ушул жакта жатат. Анын абалы жакшынакай, буга чейин психикалык жактан ооруган эмес. Эмнеге бул жакка жаткырганына таң калып жатам", - деп кошумчалайт ал.

Таеженин айтуусунда кыздын апасы күйөөсү бул ишти кылып жүргөнүн моюнга алгысы келбейт.

"Эми апасы ишенгиси келбей жатат. Ал айтат "эгер күйөөм зордуктаса мага айт, өлтүрөм деп айткам. Эмнеге сизге айтып, мага айтпайт" дейт. Бирок кыз алардан коркот, жада калса милиция кызматкерлери суракка алганда да ал коркуп, ата-энемден бөлүп, башка бөлмөдө сураңызчы деген. Эмдигиче эч нерсе ачыкка чыкпай жатат. Себеби алар кызды коркутуп, мени күнөөлү кылып жатышат", - дейт Сарукева.

Жактоочу Шердор Абдыкапаровго кыздын таэнеси жана таэжеси интернет аркылуу байланышка чыгышкан.

"Мага туугандары кайрылды. Алар бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, бирок эч кандай жылыш жок деп айтышты. Кыздын абалын көрдүк. Мурдагы күнү кыздын ата апасы кызды УЗИге түшүрүүгө келип, ошол эле убакта кызды коркутуп кетишкен экен. "Кыз өгөй атасы 2 жылдан бери зордуктап жүргөнүн айтып, эмнеге атам жазасын албайт деп ыйлайт. Эмнеге кызды психикалык ооруканага жаткырышты. Эмнеге атайын жардам берүүчү фонддорго алып барышкан жок. Бул дагы күмөн жаратат. Менин оюмча алар бул жактан кызды оорулуу кылдыртып, ал эми өгөй ата кылмыштан кутулуу жолун издөөдө деп күмөн санап жатам", - дейт жактоочу.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын билдирүүсүн дагы угуп, жарыялоого даяр.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.12.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кыз бул дүйнөнүн чырагы, ошол кызды зордуктап рахат албай өз энеңди кылып рахат алсаң болмок наалат сага ырайымсыз акмак, Кыздуу болгум келбейт ушундай нерселерди көрүп.
19.12.2020. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
CHingiz90 Эне деген да Ыйык нерсе. Мындай жаман нерсеге акылсыз айбан гана барат. Жоок айбандар да минпейт. Адам дагы эмес Айбан дагы эмес. Маңкурт ал адам.
18.12.2020. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Айбандар чектен чыгып кетишти педофилдерге өлүм жазасын киргизиш керек же ошондой эле гуманный болуп кетишсе анда кастрация кылыш керек ансыз ооздуктоо кыйынга турат
18.12.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кечирип койгула, бирок туугандарына созум жок! Мектепке барбаганына, когоргончо сабаганына коз жумганына. Конечно кыз психикалык жактан жабыркайт да. Кантип эле эки жакка чыкпай, маодай эле уйдо бала бактырып, зордуктап жатса психикалык жактан жабыр тартпасын?!
Ушундайда туугндарын, энесин как соучастник катары бааланып, килейген штрафтарды салыш кк!!!
18.12.2020. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Erlan_95,Туугандары кантип болушсун эжемин беттен алып куйоосун жактап турса. Мен да женем уулун когорто сабап мен болушсам агама айтып уруштурган. Агам мен ажырашсам тынасынбы деп чыккан. Оз энеси кундо коруп туруп боору ачыбаса туугандары кыргызчылык кылып кой ушул эринен тынып жашап кетсин деп коз жаздымда калтырышканго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: