Мануэль Нойер 2020-жылдын эң мыкты дарбазачысы болду
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Германиянын "Бавария" футболдук клубунун дарбазачысы Мануэль Нойерди 2020-жылдын эң мыкты дарбазачысы деп тапты.
2020-жылы Нойер "Бавария" клубу менен Германия Чемпиондугун, Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңген. Чемпиондор Лигасынын жыйынтыгы боюнча 34 жаштагы дарбазачы мелдештин мыкты дарбазачысы болуп табылган.
2020-жылдагы мыкты дарбазачы наамына жалпы 3 талапкер ат салышты. Алар: Мануэль Нойер ("Бавария"), Алиссон Бекер ("Ливерпуль") жана Ян Облак ("Атлетико").
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.