super.kg logo

"Шайлоочулардын укугу бузулган учурда укук коргоо органдарынын реакциясы катаал болот" дейт вице-премьер

 

Ысык-Көл облусунда вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун төрагалыгы астында президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешме Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда өттү.

Вице-премьер-министр калк арасында шайлоо процессинин бардык маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү зарылдыгына токтолуп, биометрикалык каттоодон өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Калк арасында көптөгөн суроолор пайда болууда. Маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү керек. Ар бир жаран кайда барып шайлаарын жана мыйзам бузуулар орун алган учурда каяка кайрылаарын билиши керек. Маалыматтар ачык жана ар бир шайлоочуга жеткиликтүү болушу тийиш”, - деди вице-премьер-министр.

Белгиленгендей, административдик ресурс пайдаланылса, шайлоочулардын добушу сатылып жатса, же башка мыйзам бузуулар орун алса, Координациялык топтордун реакциясы токтоосуз болушу керек.

“Дагы бир ирет кайталап кетем, шайлоочулардын укугу бузулган учурда укук коргоо органдарынын реакциясы катаал болот. Биз 5-октябрдагы окуялардын кайталанышына жол бербейбиз”, - деп жыйынтыктады Максат Мамытканов.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди, ошол эле учурда алардын өз учурунда аткарылышы үчүн ар бир жетекчинин жеке жоопкерчилигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: