super.kg logo

Артём Новиков калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо чараларын кабыл алуу зарылдыгын айтты

 

Калкты кыш мезгилинде электр энергиясы менен толук кандуу камсыздоо маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков энергетикалык тутумдун үзгүлтүксүз ишин талкуулоо боюнча кезексиз кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Биз тургундардын электр энергиясыз калуусуна жол бербешибиз керек. Күз-кыш мезгили кыйынчылык менен өтүүдө. Электр энергиясын керектөө жогорулады, бул энергетикалык тутумдагы аварияларга алып келүүсү ыктымал. Тийиштүү чараларды кабыл алуу жана калк арасында электрди үнөмдөө маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүү маанилүү. Керектөө көлөмүн кыскартуу зарыл. Биз энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү тууралуу бир нече ирет айтканбыз. Бирок өткөн жылдары бул маселеге жетиштүү көңүл бурулган эмес. Учурда чыныгы абалды жана окуялардын негативдүү өнүгүүсүнө карай даярдык кандай экендигин баалоо керек, ошол эле учурда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо чараларын кабыл алуу зарыл", - деди Артём Новиков.

Аба-ырайына байланыштуу күн сайын белгиленген лимиттен чыгуу орун алууда. Акыркы күндө эле план боюнча 49,8 миллион кВт саат каралган болсо, иш жүзүндөгү керектөө 58 миллион кВт саатты түздү.

"Менин маалыматым боюнча, ири шаарларга чоң жүктөмдөр туура келүүдө. Бизде кубаттуулук боюнча резервдер бар жана аларды ишке киргизүү керек. Алсак, Бишкек шаардык жаңы ЖЭБ толук кандуу иштебей турат. Электрди жана жылуулукту иштеп чыгуунун жетиштүү көлөмүн камсыздоо үчүн экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүгө мезгил келип жетти деп эсептейм. Ал үчүн кошумча финансы чыгымдары керектелет, бирок жарандарга мындай суукта ыңгайсыздык жаралбашы керек. Мезгилдүү өчүрүүлөр болбошу керек. Буга катар калк арасында электр энергиясын рационалдуу чыгымдоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү ишин улантуубуз керек", - деп белгиледи өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине "Улуттук электр холдинг компаниясы" ААК менен биргеликте бөлүштүрүүчү компанияларда электр энергиясынын лимитинин жогорулатылышына жол бербөө боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу, Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле электр тармактарына жана элктр жабдууларына карай жүктөмдөрдү мониторингдөө боюнча ишти көзөмөлгө алууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: