super.kg logo

"Оюулар элдик, биз ошолорго жаңы жашоо беребиз". Улуттук кол өнөрчүлүк менен заманбап төшөнчүлөрдү жараткан ишкер айым менен маек

 
Улуттук кол өнөрчүлүк менен алектенип, илгерки оюу-чийүүлөрдүн үлгүсүндө заманбап курак-жамактар менен кызга сеп жана башка улуттук кийимдерди жаратып, коомчулукта өз ишкердигин өркүндөтүп келе жаткан Перизат Тойчубекова ишкердик жолундагы эмгеги тууралуу SUPER.KG порталы менен бөлүштү.

Курак куроону бала чактан апамдан үйрөнгөм.

- Улуттук кол өнөрчүлүк менен алектенип баштаганыма 5-6 жыл болуп калды. Апам уз болчу. Курак куроону бала чактан апамдан үйрөнгөм. Өзүмдүн кесибим боюнча бухгалтермин. Учурда улуттук кол өнөрчүлүк боюнча жеке ишкердик менен алектенем. Негизинен улуттук орнаменттерге басым жасалып, кызга сеп, бешик тойго арналган үйгө керектелүүчү төшөнчүлөрдү жаратабыз. Көп учурда буюртма менен жасалат. Ар бир иштин сезону болгондой эле бизде дагы бышыкчылыкта, тойлор көп болгон учурда буюртмалар көбөйөт.

Ар бир иштин ийгилиги талыкпаган эмгекти талап кылат.

- Ар бир иш билинбеген майда эмгектер менен башталат. Эң алгач пахта, жүн тыта турган машинка алып иштетип баштадым. Элдин эски төшөктөрүн жаңылап тигип берчүмүн. Андан кийин жаңы төшөктөргө буюртма түшүп баштады. Ошентип кызга сеп тигүү менен улуттук кийимдерди дагы кошуп тигип баштадык. Өзүм белдемчи көп кийгендиктен эң биринчи белдемчиден баштагам. Азыр эми ишкердикте бардык талаптарга буюртмаларга ылайык өзүбүздүн улуттук оюу-чийүүлөр төшөлгөн үйгө керектелүүчү төшөнчүлөрдүн бардык түрлөрүн даярдайбыз.

Оюулар элдик, биз ошолорго жаңы жашоо беребиз.

- Кол өнөрчүлүктөгү эң көп басым жасалган бул курак иши. Суроо-талаптарга ылайык дагы ушул ишке көбүрөөк басым жасалат. Бир курактан эле улам жаңылап, жаңы түрлөрүн чыгара берсе болот. Көпчүлүк саймага караганда куракты аябай жактырышат. Бул оюулар элдик, биз ошолорго жаңы жашоо берип, заманбап саркеч төшөнчүлөрдү жаратабыз. Бул жаатта мен аябай чебермин деп айта албайм. Менин командамда иштеген кыздар чебер. Алар өз иштерин мыкты билген тигүүчүлөр болгондуктан оюмду айтып, сунуштап ортодо кеңешип, жаңы оюуларды жаратабыз. Кээде ойдогудай жаралбай, чыгымга учураган учурлар да болот. Бирок бардык учурда кыйынчылыктардан жол тапса болот. Бул учурларда кайра жаңыдан баштап, ишибизди улантып кетебиз.

Буюрса, улуттук кол өнөрчүлүктү чет өлкөгө таанытуу максатыбыз бар.

- Азыркы учурда суроо-талаптарга жараша ишкердик кеңейип баратат. Айталы кызга сеп даярдаганда жеңе төшөгү 13 миңден жогору даярдалат. Андан тышкары бардык үйгө керектелүүчү төшөнчүлөр буюртмага жараша бааланат. Ишкердикте эң биринчи сапатка көбүрөөк басым жасалат. Буюрса, бир эле Кыргыз өлкөсүндө гана эмес, ушул кыргыз оюуларына суктана тургандай чет өлкөгө да жайылтуу максаттарыбыз бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: