Анжелина Жоли каймана аты менен белгилүү болгон ирандык инстаграм жылдызы түрмөдөн бошотулду

"Зомби - Анжелина Жоли" деген каймана ат менен белгилүү болгон ирандык инстаграм жылдызы Фатиме Хишванд түрмөдөн бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин кыз социалдык тармактарга жарыялаган сүрөттөрү үчүн он жылга эркинен ажыратылганы маалымдалган.
Ал инстаграмга тамаша иретинде үрөй учурган сүрөттөрдү жарыялачу. Анын баракчасы популярдуу болуп, чет элдик басылмалар ал жөнүндө жаза башташкан. Анын арык көрүнүшү ондогон пластикалык операциялардын натыйжасы экени, ал эми блоггер өзү Анжелина Жолиге окшош болууга аракет кылганы айтылган. Андан соң элге жат көрүнүш менен акча табуу, жаш муунду жолдон адаштыруу, зомбулукка үндөө деп айыпталып, камакка алынган.
"Катаал өкүм жарыялангандан бир нече күн өткөндөн кийин Фатиме камактан үй-бүлөсү күрөө төлөгөндөн кийин бошотулду. Учурда Фатиме Тегеранга өз үй-бүлөсүнө кайтып келди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
Lordbek

19.12.2020. 11:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушул Анджелинага окшош болсо мен Леонардо Ди Каприомун
Sancho-

19.12.2020. 13:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Lordbek, Бред Питке окшошуп ал.
Aruuzat14

19.12.2020. 16:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен Апама окшошмун Жана дагыда окшогум келет
Mubarak

19.12.2020. 21:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ажап кылыптыр камап ушундайлар балдарды психикасыны бузуп жатат кылбаган жоруктары жок балдар телефон дейт берсен мындайлар толтура
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.