super.kg logo

Балбак Түлөбаев Бишкекте ышка каршы өткөн марш тууралуу оюн айтты

 

Кечээ, 18-декабрда Бишкек шаарында ышка каршы марш өткөн. Акцияга болжол менен жүздөй адам катышып, Эркиндик бульварынан "Ала-Тоо" аянтына чейин жөө басышкан.

Бул марш өткөндөн кийин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Өз билдирүүсүндө ал бул боюнча өз оюн келерки жумада түз эфирде айтарын жазды.

"Мен бүгүнкү “Тынчтык маршы” боюнча элдин, шаардыктардын оюн уктум, алардын пикири, айта турган мүдөөлөрү мага жетти. Кара түтүн (смог) жана полигон боюнча шаардыктарыбыздын бизге берген эскертүүлөрүн мен өтө терең баалайм жана кабыл алам.

Ушундан улам келерки жумада таштанды полигону жана кара түтүн боюнча өз оюмду түз эфирде билдирем", - деп жазды Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
19.12.2020. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаңы конуштарга газды тегиз жеткирсеңер кичине болсо да азыраак булганмак мисалы Арча-Бешикте газ көчөнүн алды менен өткөн үстүнө деп көчөнүн башына бир точка калтырып койгон асты 3-5 миң сомго киргизсе үстү 80 миңге чейин сом кетет экен айла жок абаны булгап көмүр жагабыз.
19.12.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызынча божомолдогондо көчөнүн алдындагылар байбиченин балдары көчөнүн үстүндөгүлөр токол катындан дегендей эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: