Улуттук коопсуздук органдарынын майрамына арналган салтанаттуу чогулуш өтүүдө (фото)





Бүгүн, 19-декабрда Кыргыз өлкөсүнүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин майрамына арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу чогулушта вице-премьер-министр Максат Мамытканов, УКМК ардагерлери, жетекчилери жана өздүк курамы катышты.
"Вице-премьер-министр Максат Мамытканов куттуктоосун окуп, УКМКнын кызматкерлерине терроризм, экстремизм жана коррупция менен күрөшүүдө жүргүзгөн жакшы иштерине алкыш айтып кетти. Ошондой эле белгиленгендей, коопсуздук комитети азыркы чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн иштерин күчөтүү зарылдыгы жана Кыргыз өлкөсүнүн улуттук коопсуздугун коргоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүү керектиги айтылды", - деп жазылат маалыматта.
УКМК төрагасы, генерал-майор Камчыбек Ташиев өз сөзүндө 2020-жыл оор болгондугун жана чекистердин алдында көп иш турганын белгиледи. Аны менен катар мындан ары дагы мекен алдында өздөрүнүн милдеттерин ар-намыс менен аткаруусуна ишендирип кеткени айтылды.
Иш-чаранын аягында айырмаланган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.



1 |