super.kg logo

Түркияда ооруканадагы жарылуудан 8 адам каза болду

 

18-декабрдан 19-декабрга караган түнү Түркиянын түштүгүндөгү Газиантеп шаарындагы ооруканада кычкылтек жарылып, анын натыйжасында сегиз адам каза болду. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жарылуу Газиантеп шаарындагы университет ооруканасында, коронавирус менен ооругандар жаткан жандандыруу бөлүмүндө болгон.

"Азырынча жабыркагандар тууралуу маалыматтар айтыла элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуяга байланыштуу болжол менен 14 адам башка медициналык мекемелерге которулган. Ооруканада болгон кырсык боюнча Түркия бийлиги иликтөө баштады", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: