Бишкекте кар жаабайт. 20-декабрга күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 20-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Жолдорго муз тоңот, батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз +1…+6,
Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз +1…+6,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9,
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз +4…+6 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.