super.kg logo

Бишкекте жарылган дүкөндө жабыркаган үч адамдын абалы айтылды

 

Бишкек шаарындагы сервистик тейлөө борборунан чыккан өрттөн жабыркаган үч кишинин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Жылдыз Айгерчинова SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, денесинен күйүк алган үч жаран Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат.

"Жабыркаган адамдардын бирөө 33 жашта болсо, экөө 54 жана 58 жаштагы эркектер. Абалдары канааттандырарлык", - деп билдирди Айгерчинова.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен саат 10 жарым чамасында борбордогу Саякбай Каралаев жана Иса Ахунбаев көчөлөрү кесилишкен жерде жайгашкан имаратта өрт чыгып, 57 жаштагы жаран каза болгон.

Октябрь РИИБи жана ӨКМ билдиргендей, өрт имараттын күнүмдүк керектелүүчү техникаларды оңдогон сервистик борборунан чыккан. Милициянын маалыматына ылайык, каза болгон киши дүкөндүн кызматкери.

Өрт толугу менен өчүрүлгөн. Учурда жарылуунун келип чыгуу себеби иликтенүүдө.

Кийин аталган дүкөн жарылгандагы видео интернетке жарыяланып, андан имаратта капысынан катуу жарылуу болгонун көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: