super.kg logo

Ысык-Көлдүн 31 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызга үйлөнгөнү айтылууда. Милициянын жообу

 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун 31 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызга үйлөнгөнүн юрист Камиль Рузиев өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, бул боюнча тиешелүү органдар али үн ката элек.

"Жети-Өгүз районунун жашоочусу жашы жете элек кызга нике кыюу жолу менен үйлөнүп алган.Кошуналарынын айтымында, кыз өз макулдугу менен турмушка чыккан. Бул боюнча азырынча балдар менен иштеген тиешелүү органдар үн ката элек. Кыздын укугу бузулууда", - деп жазган Рузиев.

Аталган маалымат боюнча Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов төмөнкүлөрдү билдирди.

"Жети-Өгүз райондук милициясына бул боюнча эч кандай кайрылуу келип түшкөн эмес. Ал эми юрист Камиль Рузиевдин билдирүүсү боюнча учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Усубакунов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: