Бишкекте Түркия өлкөсү чыгарган буюмдардын жарманкеси өтүүдө
Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Түркияда чыгарылган буюмдардын жарманкеси өтүүдө. Жарманкеде косметикалык каражаттар, самын түрлөрү, эмеректер, күнүмдүк тиричилик техникалары жана кийимдер көрсөтүлүүдө. Кыргыз-түрк ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Шевки Сарымар өлкө боюнча 250 түркиялык ишкана бар. “Кыргызстанга Түркиядан инвесторлор көп тартылат. Жаңы окуу мекемелери ачылып жана маданият тармагында да мамилелер өнүгүп жатат”,- деди Сарымар. Жыл башында Түркия Кыргызстанга грант катары 100 миллион доллар бөлгөнүн кошумчалады ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

