super.kg logo

Чүйдө күйүүчү-майлоочу материалдардын 37 тонна суюк затын мыйзамсыз алып бара жаткандар кармалды

 

Чүйдө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз алып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынан билдиришти.

Ага ылайык, Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондору боюнча финансы полициясы “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунун Чек ара кызматкерлери менен биргеликте акциз алдындагы топтун товарларынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып кирүү аракетин токтотту.

"11-декабрда “Чалдыбар-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан күйүүчү-майлоочу материалды жеңил көмүр суутек аралашмасына жамынтып, бензиндин өзгөчө жыты бар 37 тонна суюк затты алып бара жаткан “Вольво” маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалган.

Сурамжылоонун жүрүшүндө аталган унаанын айдоочусу тиешелүү документтерди толугу менен көрсөтө алган эмес, ошондуктан товарларды эсепке алуу пунктунун мобилдик тобу жогоруда аталган жүк ташуучу унааны кармоо жана унаа токтотуучу жайга жайгаштыруу жол-жобосун жүргүзүшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: