super.kg logo

Ар бир үйгө газ: «Киргизия» жаңы конушу газ менен камсыздандырылды

 

2020-жылга пландалган «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасы ийгиликтүү аткарылды. Пандемияга жана ага байланышкан кыйынчылыктарга карабастан, компания тарабынан жалпы узундугу 161 чакырымды түзгөн газ түтүктөрү жана бөлүштүрүүчү тармактары толук көлөмдө курулуп бүттү.
Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан «Киргизия» жаңы конушу – бул 2020-жылдын газ менен камсыздандыруу программасына кирген 6 калктуу конуштун бири болуп саналат. Аталган аймакта 2500 ашуун тургундар жашайт.

Буга чейин Чүй облусунун Гавриловка жана Александровка айылдарына жаратылыш газы берилген. Кийинки кезекте Ынтымак, Чоң-Арык, Алтын-Ордо жаңы конуштарына берилмекчи.

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын 2020-жылдагы газ менен камсыздандыруу долбоорлоруна жумшалган инвестициясынын жалпы суммасы 1 млрд 400 млн сомдон ашык каражатты түздү.

Ошентип, 2020-жылдын инвестициялык программасынын жыйынтыгы менен 35 миңден жогору кыргызстандыктар өздөрүнүн турмуш-тиричилик абалын жакшыртып, турак-жайларын жылытууда экологиялык жактан таза отунду пайдалануу менен жашоо сапатын жогорулата алышат.

Тургуналы Нышанов, «Киргизия» жаңы конушунун тургуну «Быйыл бизге жаратылыш газы берилээрин такыр күткөн эмеспиз. Газ өткөргүчтөрдүн курулуш иштери бүткөрүлөөрү менен биринчилерден болуп биз жаратылыш газына кошулдук. Анын артыкчылыгы көп – жылуу, колдонууда өтө ыңгайлуу жана эң негизгиси – көмүрдөн бөлүнүп чыккан уулуу заттар менен дем алуу болбойт. Азыркы шаарыбыздын абалын караңыздарчы».

Чынасыл Чыныбаев, Бишкек шаарынын Ленин районунун акими «2016-жылдан бери Ленин районунда «Ала-Тоо», «Арча-Бешик», «Ак-Өргө» жана «Ак-Ордо» жаңы конуштары газ менен камсыздандырылды. Бул жылдагы камсыздандыруу программагасына «Киргизия», «Ынтымак», «Чоң-Арык» жаңы конуштары киргизилген. Бардык жашоочулар үчүн бул өтө кубанычтуу кабар. Жашоочуларга жаратылыш газын берүү менен алардын жашоосу бир топ жеңилдемекчи. Канча бир жылдан бери Бишкек кара түтүн көйгөйүнө кабылып отурат, ушундай учурда, жаратылыш газына өтүү менен аталган көйгөйдү чечүүдө өз пайдасын тийгизет деп ойлойм».

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары «Газпром Кыргызстан» компаниясынын газ менен камсыз кылуу боюнча инвестициялык программасынын алкагында, 2014-жылдан бери жалпы узундугу 875 чакырымдан жогору газ өткөргүчтөрү курулду. Анын жыйынтыгы менен 200 миңден ашуун кыргызстандыктардын үйлөрү жаратылыш газына кошулду. Жалпы тартылган инвестициянын суммасы 28 млрд. сомдон жогору каражатты түздү. Аталган каражат республиканын газ инфраструктурасын өнүктүрүүгө, реконструкциялоого жана газ менен камсыздандыруу деңгээлин жогорулатууга жумшалды».


кошулду





Ар бир үйгө газ: «Киргизия» жаңы конушу газдаштырылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.12.2020. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса бүтүндөй Кыргызстан газ менен камсыз болоор.Атамбаев Кыргызгазды сатып ийди деп жаман көргөндөр мына .Газпром киргизип атат.Озубуздо газ жок болгондуктан Кыргызгаз бул иштерди кыла албайт эле.Оштун газын өзбектер каалаган учурда жаап салчу.
23.12.2020. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак Ордо3 конушуна газ киргизсе жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: