super.kg logo

Садыр Жапаров: “Бизге жарым жыл убакыт, элдин колдоосу анан тынчтык керек. Кризистен чыгабыз! Көзүм жетет”

 

Учурдун эң башкы көйгөйү коррупция экени анык. Мамлекетти аксатып, мите курттай ичтен жеп жаткан бул илдеттен өлкөнү кантип куткарасыз?

  • Коррупция менен ачык-айкын күрөшөбүз. Буга чейин да ишти баштап койдук. Бир ай иштесем, анын 20 күнү ызы-чуу менен өттү, 10 күн толук кандуу иштедик. 10 күндүн ичинде ишибизди көрсөттүк. Мындан ары да ишибиз менен далилдейбиз. Коррупцияны тизгиндөөнүн негизги куралы адам факторун азайтып, санариптешүү ишин тездетүү. Бардык мекеме-ишканаларды санариптештиребиз. Буга чейин жеке кызыкчылыктардан улам санариптиштирүүнү киргизбей жүргөн жетекчилер жоопко тартылат. Эгерде шайланып келип калсам, баарын көзөмөлгө алабыз, тамашалашып отурбайбыз. 2-3 жыл мөөнөт деген болбойт, 2-3 ай мөөнөт деген болот. Аткарбайбы, жоопко тартабыз.

Кыргызстан учурда экономикалык оор абалда турат. Бюджеттин тартыштыгын жана тышкы карызды эске алганда экономиканы кантип көтөрсө болот?

  • Быйылкы жылдын эсебинен 36 миллиард сом дефицит бар. Жылдын аягына чейин сөзсүз төлөнүп берилүүчү каражаттардын баарын жаап жатабыз. Кийинки жылдарда дефицити жок чыкканга аракет кылабыз. Ал боюнча пландарыбыз бар. Ал эми сырткы карызды төлөө боюнча да пландарды түзүп койдук. Эгер биз чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыра алсак, тышкы карызды өзүбүз эле төлөйбүз. Мүмкүнчүлүк бар. 2-3 чоң долбоорлор бар, аларды иштетип 3-4 жылдын ичинде тышкы карызды толук жаап кеткенге мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми экономикалык кризистен сөзсүз түрдө чыгабыз. Кошуна жана алыскы мамлекеттер менен иш алып барып жатабыз. Экономикалык жактан катуу кризиске учурабайбыз. Бизге жарым жылдык убакыт керек, элдин колдоосу керек, тынчтык керек, кризистен чыгып кетебиз буюрса. Көзүм жетет.

Абалды жөнгө салуу үчүн көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга аракет кылып баштадыңыз. Муну, сиз, кандайча ишке ашырайын деп жатасыз?

  • Бизде көпчүлүк жакшы билгендей бизнестин басымдуу бөлүгү көмүскөдө турат. Бул көйгөйдү комплекстүү чечүү керек. Реформалоо жолу менен мыкты ийгиликтерге жетишкен башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын пайдалансак болот. Биз бизнес ачык иштегенге өзү кызыкдар боло турган шарттарды түзүшүбүз керек. Буга буюруса, жетебиз. Ички инвестициялардын мүмкүнчүлүгүн да акыр аягына чейин пайдалана албай жатабыз. Ошол жагына да өзгөчө маани берүү керек.

Экономиканы көмүскөдөн чыгарсак, бардык шартты түзүп берсек, тышкы инвесторлорду да тартууга, учурда иштеп жаткандарын да мындан мыкты иштетип, көбүрөөк пайда берүүсүнө жетишебиз.

Бул үчүн эмне кылуу керек?

  • Баары жөнөкөй. Иштей турган чыныгы профессионалдар керек. Алар менин саясий көз караштарымды жактырабы, жокпу, кеп анда эмес. Башкысы алар иштеши керек. Иштегенде да сапаттуу, натыйжалуу иштегенди билүүгө тийиш.
  • Сиз, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министрдин кызматтарына киришкен алгачкы күндөрдөн тартып кадрларды дайындоо жаатында сынга кабылдыңыз? Шайланып калсаңыз, кадр тандоодон адашпайсызбы?
  • Мен бардык сынды кабыл алам жана өзүм кетирген кемчиликтерди түшүнүп турам. Мунун ичинде, кадр дайындоодогу мүчүлүштүктөрүм да бар. Ошол учурда биринчи кезекте кырдаалды турукташтырып, диверсияга, каражаттарды өлкөдөн чыгарып кетүүгө жол бербөө керек болчу. Мамлекеттик органдардын жана ишканалардын нормалдуу иштеп туруусун камсыздоо зарыл эле. Ушундай кысталыш шарттарда анча-мынча кадрлык катачылыктар кетип калганын танбайм. Бирок биз мунун баарын оңдойбуз. Эң башкысы, кокусунан келип калгандар кетип, алардын ордун чыныгы иш билги адамдар ээлеши керек.

Өзүңүз түшүнөсүз да, президенттик шайлоодон кийин мамлекеттин жаңы башчысы жаңы команда топтойт. Азыр иштеп жаткан өкмөттүн милдети – экономикалык кыйроого жол бербей, туруктуулукту камсыздоо. Мунун ичинде, шайлоо менен референдумду өткөрүү маселеси да турат.

Колу таза, билимдүү, иш билги, тажрыйбалуу, мекенин чексиз сүйгөн адамдардан команда топтомокчу болуп атасыз? Андай адамдарды кайдан табасыз?

  • Табабыз. Андай адамдар бар. Бирок саясий оюндардан, негизги кызматтарга тууган-уруктар, достор, достордун туугандары дайындалып жаткандыктан, анан калса, кызматтар кадимкидей сатылып жаткандан улам чыныгы иш билги адамдар четке чыгып калышкан. Алар өлкөсүнө жакшылык каалаганы менен өзүлөрүнүн тарбиясынан, интеллигентүүлүгүнөн, балким, жумшактыгынан улам чирип калган системага каршы тура алышкан эмес. Мен жогоруда бизде потенциал бар деп айтпадымбы. Тажрыйбасы мол адистер, таланттуу жаштарыбыз четтен чыгат. Болгону аларга шарт гана түзүп беришибиз керек.

Мамлекеттик кызматтарга дайындоонун ачык сынактык системасын камсыз кылышыбыз зарыл. Кадр системасын реформалоону да создуктурууга болбойт.

Президенттик шайлоодо жалпы эл күчтүү лидерди күтүп жатат. Сизди күчтүү лидер деп атасак болобу?

  • Мен андаймын, мындаймын деп айта албайм. Кудай буюруп, элимдин колдоосуна ээ болуп калсам, президенттикке шайлансам ишим менен көрсөтөм.

Аткаруучу: "SUPER.KG"; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары Жибек-Жолу көчөсү 381. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү. Нускасы:1. 2020-жылдын 21-декабрь күнү даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.12.2020-ж).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
21.12.2020. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жапаровко ишенип Бир мумкунчулук Берели. Жарым жыл болбосода 1 жылда буйруса карыздардан кутулуп калсак жок дегенде. Андан ары жагына онугуу жолуна тушоорбуз. Албетте мамлекетибиз коррупционерлерден арылса.
21.12.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
aizira,
Сен айтканды эл дагы айтып жатат. Бирок Садыр анын бирин да жасабайт. Коросунор. Чу дегенде эле Кумтордо алтын тугонду деп актанып койду. Алтын тугонсо ал жерде эмне бриллиант казып жатышабы. Садырдын суйлогону башка, кылганы башка чыгат коросунор садырчылар.
21.12.2020. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asel69,мен саясатчылардын эч кимисине ишенбейм. Бирок бул жок дегенде чыгдыкты айтып турмого олтурган. Сен айтып жаткан кумтордун алтыны тугонгон деп мындан эки жыл мурун айткан. Азыркы сразу эмес. Эгерде убагында бийлик тарабынан чара корулгондо кумтордун алтыны Кыргызстан учун иштемек. Жапаровдун созун эч Ким уккан эмес ошол учурда. А сен болсо к...н каалаганын шайла. Только сага эчким жалдырабайт Садырды колдо деп. Суйлошоюн созунду ойлоп суйло Садырчылар дебей.
21.12.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asel69,Башка комментарийлеринди окусам тенирчи турбайсынбы.Сен ошол Арстан Алай кудайын менен кошо тозокто куйосун. Эртерээк ойлонуп аллахка тообо келтир.
21.12.2020. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карандай калпты айтып жатат. Садыр сын айтканды которо албайт экен. Сын айткандын баарын кылмышкер катары баалап. Убакыт керек деп созула берет.
21.12.2020. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ишенбейм,азыртан баштап эле,катындай болуп апаненттерин тигил кылмышкер бул кылмышкер деп катынча суйлоп жатат.мунун эн биринчи максаты азыркы убакта эптеп бийлике Барыш керек болуп жатат.маакул убакыт Беркли бирок кандай ызы чуу менен келсе ошондой ызы чуу менен кетет.садырдын эки суйлогон кооз жомогуна ишенип олтура бергиле садырчылар.кечеле турмодон чыккан садыр шайлодо эн коп каражат коротуп олтурат.ал бетте раимди милиондон нормально доля алды да.а силер садырчылар олтурасына ДАКАНСА деп
21.12.2020. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садырдын догмаларына жана жомокторуна ишенген кайран эл. Ошол учун кризистен чыкпай жатабыз да. Садырдын тубуно анын фанаттары оздору жетет. Садыр чон ызы чуу менен кетет.
21.12.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит уро берет кербен журо берет. Алга Садыр Нургожоевич! Сизди тиштегилеп аткандар бир ууч эле. Кыргызстандын 90% колдоп атат сизди.
23.12.2020. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18 талапкердин арасынан Жапаровдон башка татыктуусу жок экен,менимче...
23.12.2020. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Раим дегенге эч кимисинин тиши отпой койду эле,Садыр ылдам эле чечип койду го,сот чечет,сот териштирет деп тата-матасы жок эле...
23.12.2020. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guard,чечилген жок. Мамлекеттен жеген акчасын 10% да тологон жок. Матраимовду кармоо, 2млд толойт деген создор жон гана шоу элдин конулун озуно бурдуру болду.
23.12.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечекке кызмат.
Садыр президент!
23.12.2020. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сиздин колуңуздан эми эч нерсе келбей калды, себеби, мамлекетти талап тоногондордун баарын катарыңызга кошуп алдыңыз, ал баткак мурдакы президенттерди кандай сорсо сизди дал ошондой сорот, алты айда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: