super.kg logo

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам 20дай өлкө Улуу Британия менен байланышты токтотту

 

Коронаирустун жаңы түрү катталгандыгына байланыштуу жыйырмага жакын өлкө, анын ичинде Евро Биримдиктин кеминде 14 мүчөсү Улуу Британия менен байланышты токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп Нидерланды бийлиги 1-январга чейин Улуу Британияга учкан аба каттамдарынын токтогонун жарыялады. Андан кийин Бельгия Улуу Британия менен болгон чек араны кеминде 24 саатка жапты. Буга байланыштуу Лондон-Брюссель жана Лондон-Амстердам ортосундагы темир жол каттамы жокко чыгарылды.

Евро Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен - Италия, Германия, Болгария, Ирландия, Литва, Латвия, Финляндия жана Хорватия Улуу Британия менен аба байланышты токтотту.

Мындан тышкары, Түркия, Швейцария, Канада, Израиль жана Аргентина бийликтери да Британия менен аба каттамды токтотууга макул болушту. Сауд Арабия бир жумага чек араларын толугу менен жаап, бардык эл аралык каттамдарды жокко чыгарды.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.12.2020. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Эски вирустан эмнеси менен айырмаланат болду экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: