super.kg logo

Таласта жылкыларды Казакстанга мыйзамсыз айдап өтүп бара жаткандар кармалды

 

Кечээ, 20-декабрда Талас районунун Чуңкур-Ашуу капчыгайында жылкыларды Казакстанга мыйзамсыз айдап өтүп бара жаткандар токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

ек арачылар Ички иштер министрлиги менен биргеликте мамлекеттик чек арадан өтүп, Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга өткөрүү пунктунан тышкары жерде жылкыларды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган эки жаранды табышкан. Кармалгандардын биринин айтымында, үйүрдүн ээси аларга акчалай сыйлык үчүн чек арадан жылкыларды айдап өтүүнү суранган.

Кармоо учурунда жарандар каршылык көрсөтүп, качып кетишкен. Кийинчерээк алардын бири өз ыктыяры менен чек арачыларга жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине колго түштү", - деп билдиришти аталган кызматтан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жылкылар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: