Келерки жылы Бишкекте "Маариф" фондунун билим берүү мекемелери ачылат
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын “Маариф” фондунун жетекчиси Бирол Акгүн менен 18-декабрда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда "Маариф" фондунун Кыргыз өлкөсүнө жеке билим берүү мекемелерин ачуу боюнча маселелер талкууланган.
"Жолугушуу учурунда тараптар Билим берүү жана илим министрлиги менен “Маариф” фондунун ортосунда кол коюлган жеке билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча масалелерди талкуулашты. Бирол Акгүн макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргыз мамлекетинде фонддун кеңсеси ачылганын белгилеп, келе жаткан жылы Бишкекте билим берүүнүн бардык баскычтарын камтыган мекемелерди ачуу пландаштырылып жаткандыгын кабарлады", - деп айтылат маалыматта.
Түркиянын "Маариф" фонду тарабынан ачылган билим берүү мекемелери дүйнөнүн 40тан ашуун мамлекеттеринде иштеп келе жатат. Аталган фонд менен Билим берүү министрлигинин ортосундагы меморандумга 2018-жылы түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган.
Эрдогандын Бишкекке болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында түрк элчиси Женгиз Камил Фырат "Сапат" билим берүү мекемесинин мектептери "Маарифтин" карамагына өтөрүн айткан. Анын билдирүүсүн Билим берүү жана илим министрлиги жокко чыгарып, түрк дипломаты Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

