Франциянын жараны музда 2 саат 35 мүнөт туруп дүйнөлүк рекордду жаңылады
Франция жараны Ромен Вандендорп муз салынган идиште 2 саат 35 мүнөт 33 секунда туруп, дүйнөлүк рекордду жаңылады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Белгилүү болгондой, контейнердин ичине майдаланган муз толтурулуп, Ромен Вандендорп анын ичинде турган. Контейнердин ичиндеги абанын температурасы -18ди көрсөткөн. Бул процессти "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрү карап турушкан.
Ромен Вандендорп рекордду жаңылоо үчүн эки жыл аралыгында музда туруу боюнча машыгуу жасаган.
Буга чейин кытайлык Цзинь Сунчао 2014-жылы 4-сентябрда музда 1 саат 53 мүнөт убакыт туруп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.