Дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна 4 кыргызстандык спортчу катышат
Дзюдо боюнча 23-27-октябрь аралыгында Словениянын Любляна шаарында өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 4 спортчу катышат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясы билдирет. Мелдешке Арген Бактыбек уулу, Бектур Абдрасулов, өспүрүмдөр арасында самбо боюнча Дүйнө чемпиону Артур Тё жана дзюдо боюнча жаштар арасында Азия чемпиону Болот Токтогоновдор катышат. Мелдеште 16 комплект медалдар ойнотулуп, командалык эсепте да жеңүүчүлөр аныкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.