super.kg logo

"Жүргүнчүнүн башына отвёртка менен жаракат келтирген". Бишкекте бейбаштыкка шектелип коомдук транспорттун айдоочусу кармалды

 

Бишкекте бейбаштыкка шектелип коомдук транспорттун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

20-декабрда саат 14:10 чамасында Курманжан датка жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорттун айдоочусу менен жүргүнчүнүн ортосунда мушташ болуп жатат деген билдирүү укук коргоочуларга келип түшкөн.

"Милиция кызматкерлери жерине барганда 31 жаштагы А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал №134 маршруттук каттамынын айдоочусу менен пикир келишпестиктер жаралып, арыз ээсин отвёртка менен башына жаракат келтиргенин айткан. Андан соң из жашырып качып кеткен.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө патрулдук милициянын кызматкерлери тарабынан 38 жаштагы Е.А. аттуу жаран кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына жеткирилди.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: