super.kg logo

Абдил Сегизбаев: «Эгерде менин душмандарым элге кыянат кылган жемкорлор жана уурулар болсо, анда мен өзүмдү түз жолдомун деп эсептейм»

 

19-декабрда Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Абдил Сегизбаев үгүт өнөктүгүн Манас атабыздын мекени катары белгилүү болгон Талас жергесинде улады. Талапкер алгач Кароол дөбөнүн этегинде жайгашкан Манас атабыздын күмбөзүнө зыярат кылып, Куран окуп, андан кийин облустун тургундары менен жолугушту.

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев жолугушууга келген тарапташтарына кысымга карабастан келгендери үчүн терең ыраазычылык билдирди: "Жолугушууга келип, чындыкты угуп, туура тандоо кылуу ниетиңерди көрсөткөнүңөр үчүн ыраазычылык билдирем. Бишкекте мен көптөгөн адамдар менен жолугушууларды өткөрүп жатам. Билесиздерби, айрым аткаминерлер мыкты иш алып баруу үчүн каражат жок дешет, башкаларына бийлик аздык кылса, дагы бири хан болгусу келет. Азыркы Конституция менен алар ансыз деле толук кандуу бийликке ээ, каалагандарын кызматка дайындап, каалагандай өкмөттүн жана фракциялардын иштерине аралашып жатышат. Булардын негизги кемчилиги мамлекеттик башкаруу жөнүндө түшүнүктөрү жок. Ага карабастан, “кожоюндарынын” тилине кирип, алар каалагандай кылып Баш мыйзамды өзгөртүүнү максат кылышты. Аларга бийлик жана мансап гана керек экени ачык эле көрүнүп турат. Бирок элге азыр акыйкаттуу башкаруу керек. Элибиз өзүн өзү гана бакпастан, аткаминерлерди кошо багып келишет".

Жолугушууда президенттикке талапкер өзүнүн платформасы жөнүндө маалымат берип, сот реформасы, коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү, экономиканы өнүктүрүү жана турак-жай, жер реформасы жөнүндөгү негизги багыттарын элге маалымдады.

«Өлкөдө олуттуу реформаларды жүргүзүү үчүн мен чет өлкөлөрдө жүргөн билимдүү жаштарды Кыргызстанга чакырам, аларга керектүү шарттарды түзүп берип, өлкөгө кызмат кылууга үндөйм», - дейт Абдил Сегизбаев.

Анын айтымында Кыргызстандын экономикасынын 60 пайызы аткаминерлердин жана депутаттардын колунда көмүскөдө турат. «Эгерде жемкор-аткаминерлердин бирине колуң тургай, тилиң тие турган болсо автоматтык түрдө бардыгы бирдей сага тиш кайрашат. Өз убагында мен 50гө жакын жемкорлорго иш козгоп камадым. Жыйынтыгында алардын душманына айландым. Бирок мен буга таптакыр өкүнбөйм, тескерисинче сыймыктанам. Эгерде менин душмандарым элге кыянат кылган жемкорлор жана уурулар болсо, анда мен өзүмдү түз жолдомун деп эсептейм. Менин максатым - экономиканы көмүскөдөн алып чыгып, бюджетти толуктоо. Ошондо биз пенсияны, врачтар жана мугалимдердин айлыктарын көтөрүп, инвестицияларды жогорулатууга мүмкүнчүлүк алабыз".

Талапкер мындан тышкары калкты социалдык жактан коргоо, пенсияларды жогорулатуу, жумушсуздук көйгөйүн чечүү, сыртта жүргөн мигранттарга колдоо көрсөтүү, балдарды коргоо, аларга туура тарбия берүү тууралуу да ой бөлүштү.

"Кыргызстандан бир мигрант кетсе – аны менен чогуу биз суверенитетибиздин бир бөлүгүн жоготуп жатабыз. Өлкөдөн билимдүү, акылдуу жана күчтүү жаштар кетип жатышат. Бул жол менен улана берсе өлкөдө карылар менен жаш балдар гана калабы?" - дейт талапкер.

Чек ара маселеси тууралуу айтып жатып, бул көйгөйдү тамырынан чечүү үчүн өлкөнү башкарган киши абройлуу болуусу шарт дейт: «Эгер сен өнөктөшүңдүн тилин билбесең эмнени айтып, эмнени чечесиң. Бул багытта мен кошуна мамлекеттер менен достук мамилелерди чыңдайм. Бирок эң башкы орунда биз өзүбүздү өзүбүз сыйлап, сүйлөшүүлөрдүн маалында өзүбүздүн күчүбүздү да көрсөтүшүбүз керек. Ошондо гана тараптардын сүйлөшүүлөрү жемиштүү жыйынтыкталат», - дейт Сегизбаев.

Талапкер мамлекеттик башкаруудагы реформалар жөнүндө айтып жатып, жаңылыктарды жана жаратман ойлорду киргизүү шарт деди. Коом ар бир кызматкер, министр, депутат жөнүндө толук маалымат алышы керек деп эсептейт ал. «Кызматка дайындалып жаткан ар бири жөнүндө маалымат электрондук түрдө болушу керек, ал кишинин ким менен, кайда иштегенин, кандай иштерге аралашканын эл билиши шарт. Ошондо гана коррупционерлер жана уурулар өздөрү эле мамлекеттик кызматтардан четтеп, бардыгы ачык жана айкын болот», - деп түшүндүрдү өз сөзүндө Сегизбаев.

Мындан тышкары, Абдил Сегизбаев аялдарды жана балдарды коргоо, зомбулуктарды алдын алуу көйгөйлөрүнө терең көңүл бөлүп, кеңири токтолду. "Эгер, биз балдарыбызды коргобой, аларга болгон зомбулуктарга көз жумуп койсок, анда бизди кандай келечек күтөт? Мен бул көйгөйгө өзгөчө көңүл бурам, балдарыбыздын башынан бир тал чачы түшпөгөндөй тартипти орнотом", - дейт Абдил Сегизбаев.

Өлкөнүн намысын коргоп, дүйнө жүзүнө атыбызды тааныткан спортчуларга да өзгөчө көңүл бурулуп, алар үчүн эл аралык жана дүйнөлүк спорт аренасында Кыргызстанды татыктуу алып чыккандай кылып бардык шарттар түзүлүшү керек дейт талапкер.

Абдил Сегизбаев жолугушууда сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн бардык күчтөрдү биригүүгө чакырып, «Келиңиздер, мыйзам чегинде күрөшөлү» - деп билдирди.

Жолугушуу Талас облусунун тургундарынын талапкерге берген жеке суроолору менен уланды. Жыйынтыгында жергиликтүү эл Сегизбаевди колдоп, алдыдагы президенттик шайлоолордо ийгиликке жетишине тилектеш болушту.

Андан кийин президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев апасынын кичи мекени Кара-Буура районунун Сулуу-Маймак айылына барып шайлоочулар менен жолугуп, өзүнүн платформасы жөнүндө маалымдап, берилген суроолоруна жооп берди.

Даярдаган мекеме: дареги: Бишкек ш., кардар: Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкер А.К.Сегизбаевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нишаев Нурлан Кочурбаевич.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(20)
21.12.2020. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Элдин эн биринчи дущманы , канча жылдан бери бийликте отуруп, жеп тойбогондордун бир именно сенсин
21.12.2020. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
эгерде душмандарын туз жолдо болсо, сен анда жемкор, ууру болосунбу
21.12.2020. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Уялбайт а?
22.12.2020. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Baktyluu_bolgum_kelet, ошону айтсаң.
21.12.2020. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Башталды)) шайлоо буткучо, мигранттарыбыз келип, заводтор курулуп, кедейликтен арылып, Швейцариядай жашоодо жашайбыз)) Эми укмуш 1 ай жыргайбызго булардын лапшогондору мн))
21.12.2020. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Камаган 50 жемкорунун атын айтчы!Биз С.Жапаровду тандап алганбыз,убара болбо!
22.12.2020. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушунчалык да еки жуздуу адам болобу.
Кимдин арыгын чаап жургонун еч ким билбейт деп ойлойт окшойт. Камалбай калганына суйунуп еле журо бербейби тынч еле. Президентикке балее бар бекен сага...
22.12.2020. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эээ артык кылам деп тыртык кылып аласын да бала тынч еле бакырып журо бериш керек еле мен жеке ойум садыр жапаров бул татыктуу адам
22.12.2020. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кызмата турганда бир ишти кыйратпадын. Бироолодун буйругун аткардын, эми кыйратчуу белен. По любому отпойт.Такыр шансы жок Президент болгонго.
Asanali түзөттү 2020-12-22 05:45:38
22.12.2020. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Саясатта жаны жуз болсонуз бир жон, алданып ишенет элек. Олкодогу мыйзам бузууларды кормоксон болуп чон кызматта отурдунуз, кечерип коюнуз сизге добуш бере албайбыз, сизге окшогондордон Кудай сактасын.
22.12.2020. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өлаа бети бет эмейле өтүктүн таманы экен го
23.12.2020. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alia82,аз ха ха ха
22.12.2020. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аялы менен балдарынан башка эч ким колдобосо керек.
22.12.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
taalai1008, Аялы мененбалдары деле ишенбесе керек
23.12.2020. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
taalai1008,социал демократтар добуш берет. АШАнын тарапташтары. Кундуз, Темирлан, Мээрбек Мискенбаев, Карамушкина дагы бар 6-7 адам.
23.12.2020. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuuman,ха ха
22.12.2020. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тообоо, ишенет деп ойлойт окшойт.
22.12.2020. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишене турган кылып суйлосо болот эле бираз.
23.12.2020. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Койчу ааааай,бет деген нет экен го,элди тупой ойлойт окшойсунар аша атаң экөөң,жоголчу бар
24.12.2020. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: