"Супер-Инфо" гезити "2020-жылдын мыктысы" деп табылды
Бүгүн, 21-декабрда "Жыл мыктылары-2020" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, анда "Супер-Инфо" гезити жыл мыктысы деп табылды. Сыйлык ээлерин куттуктоо борборубуздагы ресторандардын биринде өттү.
"2020-жылдын мыкты гезити" наамын режиссёр Молдосейит Мамбетакунов тапшырды.
"Сыйлык гезиттин жалпы жамаатынын, алардын эмгегинин жеңиши. Мындай сыйлыктарды алуу биздин мындан ары дагы жемиштүү иштеп, алдыга умтулуубузга стимул болот. Уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз", - дейт "Супер-Инфо" гезитинин директору Автандил Добулбеков.
Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгы, Ош шаардык Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана 5-канал менен биргеликте өткөрүлдү. Анда маданияттын, шоу-бизнестин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыктылары сыйланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.