super.kg logo

Коопсуздук үчүн. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жарандардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

 

Бишкек шаардык мэриясы "Ала-Тоо" аянтында, тагыраагы, Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кечкисин жүрүүгө чектөө киргизди. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, чектөө бүгүн, 21-декабрдан 2021-жылдын 8-январына чейин күчүндө болот.

Маалым болгондой, кечки саат 20:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин жарандардын кыймылына чектөө киргизилет. Мындай чечимге шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

"Шаар тургундарынын жана борбор калаанын меймандарынын коопсуздугун камсыздоо жана эл көп топтолгон жерлердеги коомдук тартипти сактоо максатында кыймыл-аракетке чектөө киргизилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: