super.kg logo

"Ташиевдин тиешеси бар дешип... ". Жалал-Абаддагы санаторийди басып алууга аракет кылгандар кармалды

 

Жалал-Абаддагы санаторийди басып алуу аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-19-декабрь күндөрү "Кыргызкурорттуризм" башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу С.Күчүков жана ал мыйзамсыз дайындаган "Жалал-Абад" санаторийинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Э.Айтиев баш болгон бир нече адамдар санаторийдин аймагына кирип, жетекчинин кабинетин күч менен ээлеп алууга аракет кылышкан. Бирок аталган санаторийдин директорунун милдетин аткаруучу Б.Сатыгулов чогулган жарандарга учурдагы директор М.Абышкаев ооруканада экендигине байланыштуу аны кызматынан алуу мыйзамсыз экендигин билдирген.

"Белгилей кетчү жагдай, чогулгандардын арасынан бул ишке УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар экендиги тууралуу кыйкырыктар угулган. Бул факт учурда "имаратты өз эрки менен басып алуу" беренеси боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан тергелип жатат. С.Күчүков жана Э.Айтиев шаардык милиция бөлүмүнө алып келинди.

Камчыбек Ташиевдин аталган окуяга эч кандай тиешеси жок. УКМК Ташиевдин атын жамынып, мыйзамсыз иштерге баргандарга катаал чаралар көрүлөрүн эскертет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.12.2020. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уже каралап башташтыбы, карапайым элим ишенбегиле мындай кептерге, окуяларга. өз оюбуз менен бололу
21.12.2020. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шорунар шорподой кайнайт экен да эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: