super.kg logo

Жакында эле кеңешчилик кызматка дайындалган Төрөхан Жунусбеков эмне себептен өргүүгө чыкканын айтып берди

 

Жакында эле "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган Төрөхан Жунусбеков жумушунан өргүү алып кетти. Маалыматты Жунусбеков SUPER.KG порталына өзү тастыктады.

Жунусбеков кээ бир басма сөз булактары маалыматты бир тараптуу гана берип жатканын айтты.

"14-декабрда акы төлөнбөгөн өргүүгө чыктым. Учурда Садыр Жапаровдун талапкерлигин айрым ЖМКлар жазгандай, анын штабынын жетекчиси же штаб мүчөсү катары эмес, жөнөкөй жаран катары колдойм. Ошондуктан анын президент болуп шайланышына жардам берем. Бул менин мыйзамда көрсөтүлгөн укугум. "Мегакомдо" иштегендер мамлекеттик кызматкер деп саналбайт. Андыктан мамлекеттик кызматта туруп үгүт иштерин жүргүзүп жатат деген да туура эмес. "Талас эли Садыр Жапаров менен" деген жазуу боюнча мен бүгүн БШКга дагы бардым. Бардык суроолоруна жооп бердим. Алар менин жасаган иш-аракеттерим мыйзам чегинде болгон деген чечимге келешти. Себеби Жапаров Таласка 15-декабрда барган. Мен ал учурда өргүүдө болчумун. Ошол күнү Жапаровдун штабын дагы жетектеген эмесмин, "Мегакомдон" дагы айлык алган эмесмин жана үгүтчү болгон эмесмин. Жөн гана сүрөткө түшүп билдирүү калтыргам. Бирок ал жерде элге кайрылуу болгон эмес. Шайлап бергиле деп эч жерден жазган эмесмин. 14-январда өргүүм бүтөт, кайрадан жумушка барам. Бул нерселердин артында мэриянын чатагы турат. Мэрияда бир топ миллионерлердин атын атып, аларга каршылык көрсөтүп, бийликке келгенге жолтоо кылганбыз. Ошолор ар бир баскан изибизден ката издеп, айрым журналисттер аркылуу бурмаланган маалыматтарды кетирип жатат", - дейт Төрөхан Жунусбеков.

Бул боюнча "Мегаком" компаниясынын маалымат катчысы Жумгалбек Өмүрканов төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди.

"Ооба, Төрөхан Жунусбеков 13-декабрда арызын жазган. 14-декабрдан баштап акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетти. Бул жактан компания эч нерсе жоготпойт. Анткени акча төлөнбөйт. Эмгек кодексинин 133-беренеси боюнча акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жумушка орношконуна аз убакыт болсо дагы чыга берсе болот деп жазылыптыр. Экинчиден, биз коммерциялык, акционердик коом болгондуктан бир дагы кызматкер мамлекеттик кызматкер катары эсептелбейт. Бизде мамлекеттик компания болсо эле, анда иштегендер мамлекеттик кызматкер болот деген түшүнүк бар. Ал туура эмес", - дейт маалымат катчы.

Маалым болгондой, Жунусбеков социалдык тармакка өзүнүн сүрөтүн жүктөп "Талас эли Садыр Жапаров менен" деген билдирүү калтырган. Мындан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровдун тарапташтарынын мыйзамсыз үгүт жүргүзүүсү боюнча Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылганын SUPER.KG порталына БШКнын басма сөз кызматынан тастыкташкан.

Эске салсак, Төрөхан Жунусбеков декабрь айынын башында "Мегаком" компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалган.

Буга чейин “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Төрөхан Жунусбеков өзүн мэрлик кызматка татыктуумун деп сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.12.2020. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Садырдын кошоматчысы Торохан
22.12.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Asel69,тенирчи жоголчу сасытпай бул жакты.
22.12.2020. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр мындай кетиште Бакиев чанында калат
22.12.2020. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
KGZ-RUS,Бокту жепсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: