Алдамчылык менен соттолуп абакта жаткан адам түрмөдөгүлөрдү алдаган. Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылууга шектүү жаран аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, камактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча алынып жатат деген кайрылууларга байланыштуу иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү бир жаран өзүн Муканбетов Санжар Турдукожоевич деп тааныштырып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганымын деп жашынып, абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылыгандыгы аныкталды. Иш-чараларынын натыйжасында, "Алдамчылык", "Документтерди жасалмалоо" жана "Качуу" беренелери менен Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылынын №1-Жазаларды аткаруу мекемесинде жаза өтөп жаткан 1987-жылы туулган С.С. экендиги аныкталды. Ал өзүнүн кылмыштуу ниетин ишке ашыруу максатында, айрым жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен акча алып жүргөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Белгилей кетсек, мунапыс жарыялоо УКМК карамагына кирбейт, анткени "Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамын колдонуунун предмети сот органдары болуп саналат.



1 |