Көчөдө отургучта отуруп жан берген. Орусияда аял "Тез жардам" кызматын күтүп отурган калыбында каза болду
Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында аял көчөдө отургучта отурган калыбында жан берген. Окуя тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, 61 жаштагы аял өзүн жаман сезип, жакынкы мекеме болгон мектепке кирип "Тез жардам" кызматын чакырып берүүнү өтүнгөн. Мектептеги кызматкерлер аны имараттын ичине киргизишкен эмес. Алы кетип бара жаткан аялга сыртка отургуч алып чыгып берип отургузушкан жана "Тез жардам" кызматын чакырышкан.
"Бирок аял дарыгерлердин келишин күтө алган эмес. Отургучта отурган калыбында жан берген. Мектептеги кызматкерлер адамдын өлүмүнө жол беришти. Ал каза болгондон кийин үстүн жамынгыч менен жаап коюшкан, бирок сөөк ошол калыбында көчөдө турган. Ошол эле учурда сүйлөбөгөн, кыймылдабаган "конокко" таң калуу менен караган балдар анын айланасында ойноп жүрүшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Көп өтпөй окуя болгон жерге полиция кызматкерлери да келип, аялда кыйноо белгилери болгон эместигин айтышкан. Ал эми мектепке жакын жашагандар жана мектептин кызматкерлери каза болгон аял спирт ичимдиктерин көп ичип жүрчү деп билдиришкен. Полиция соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөрүн белгилегендиги жазылат маалыматта.
"Тез жардамды" күтүп отуруп жан берген адам
