Ысык-Көлдө 16 жаштагы кыз турмушка чыкты деген билдирүү боюнча милиция жаңы маалымат таратты
Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 16 жаштагы кыз турмушка чыкты деген окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБи маалымат таратты. Анда өспүрүм кыз жана анын мыйзамдуу өкүлү укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсүн четке кагышканы айтылат.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча милицияга эч кандай арыз келип түшкөн эмес. Бирок, укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсү райондук милициянын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында, Рузиевдин билдирүүсүндө айтылган адамдардын аты-жөнү такталган.
"Ал Ырдык айылынын 36 жаштагы тургуну Х.Ш. аттуу жаран болуп чыгып, өзүнүн көрсөтмөсүндө укук коргоочунун маалыматы чындыкка дал келбестигин айткан. Анын айтымында, ушул жылдын ноябрь айында айылдашы К.С.нын үйүндө жасалгалоо иштерин жүргүзүп жүргөн. Ошондо үйдүн ээси аны 16 жаштагы Д.Ж. аттуу кызы менен тааныштырганын, кийинчерээк, ал кыз менен телефон аркылуу кээде сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирген. Бирок ал кыз менен никеге турбагандыгын айтып чыккан.
Ошондой эле турмушка чыкты деп айтылып жаткан кыз, ушул эле айылдын 16 жаштагы тургуну Д.Ж. өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2016-жылы өз атасы каза болуп калгандыктан, анын бир тууган агасы К.С. мыйзамдуу өкүлү болуп калгандыгын билдирген. Өспүрүм кыз да Х.Ш. менен никеге турбагандыгын айткан.
Ал эми өспүрүм кыздын мыйзамдуу өкүлү 45 жаштагы К.С. укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсү чындыкка дал келбестигин билдирип, иниси каза болгондон кийин, анын кызын Д.Ж.га өз кызындай камкордук көрүп жаткандыгын, ар дайым көзөмөл жүргүзгөндүгүн жана эч нерседен кем кылбай тарбиялап жаткандыгын маалымдаган. Ал дагы, Х.Ш. менен Д.Жнын ортосунда нике салты өткөрүлгөндүгүн четке каккан", - жазылат маалыматта.
Аталган фактыны объективдүү жана толук кандуу териштирүү үчүн, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып жаткандыгын Ысык-Көл ОИИБи кошумчалады.
Эске салсак, кечээ укук коргоочу Камиль Рузиев Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда 31 жаштагы жаран 16 жаштагы өспүрүм кызга диний салт аркылуу никеге тургандыгы боюнча Твиттер баракчасына жазып чыккан.

