super.kg logo

"5-6-октябрда милициянын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз". Ишкерлер Ички иштер министрлигине 6 унаа тапшырды

 

Бишкекте ишкерлер тарабынан Ички иштер министрлигине берилген 6 автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, унаанын ачкычын тапшыруу аземине ИИМдин башчысы, милициянын полковниги Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктагы кызматтарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жеке ишкер Кайрат Аманов милиция кызматкерлерине кайрылып, "Ушул жылдын 5-6-октябрда болгон окуяда ички иштер органдарынын автоунаалары талкаланганын көргөнбүз. Ошондуктан ишкерлер Жаңы жыл алдында биздин милицияга автоунаа тапшырууну чечкенин айтып өттү", - деди ал.

Өз кезегинде ички иштер министри Улан Ниязбеков демөөрчүлөргө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирип, милиция коомдук тартипти камсыздоо, жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо боюнча алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күчүн жумшарын баса белгиледи.

"Бул автоунаалар Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарына, Ош шаарына жана ИИМдин ички аскерлерине муктаждыктарына жараша берилет. Сиздердин берген жардамыңар коомдук тартипти камсыздоого жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө бизге жардам берет", - деп баса белгиледи министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.12.2020. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: