super.kg logo

"Келтирилген чыгым 9 миң доллар". Токмокто унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

 
Токмок шаарында унаа урдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, буга чейин Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 49 жаштагы Д.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына караган түнү белгисиз бирөөлөр Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан сырдоочу жайдын кулпусун сындырып кирип, ал жерден “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз тарапка айдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 9 миң долларды түзгөн.
"Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолуп, ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтордун бирине мүчө болуп жүргөн 34 жаштагы И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: