Мэрия: "Бишкекте жайгашкан жер астындагы өтмөктөр текшерилди"





Транспорт жана муниципалдык менчик боюнча вице-мэр Азиз Алымкулов жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жер астындагы өтмөктөрдү карап чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Манас кең көчөсү менен Чүй кең көчөсүндө, Абдрахманов көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишиндеги өтмөктөр текшерилди.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө вице-мэр өтмөктөрдүн техникалык абалы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн көтөргүчтөр жөнүндө маалыматтарды айдын аягына чейин берүүнү, Курманжан-Датка көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн лифттерин ишке киргизүүнү аягына чыгарууну тапшырды. Ошондой эле, Манас кең көчөсү менен Чүй кең көчөсү Абдрахманов көчөсү менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктөрдөгү жайларды пайдалануу үчүн ижара акысы жөнүндө маселени карап чыгуу тапшырылды", - деп жазылат маалыматта.

