super.kg logo

Быйыл республика боюнча жалпысынан 14 оорукананы куруу жана оңдоо иштери жасалды

 

Быйыл мамлекеттик курулуш тарабынан республика боюнча жалпысынан 14 саламаттыкты сактоо объектисинде куруу жана оңдоо, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда брифингде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган 14 объектинин ичинен "Региондорду өнүктүрүү жана социалдык өнөктөштүк" фондунун эсебинен 3 инфекциялык (Бишкек, Ош, Нарын шаарлары) оорукананын курулушу бүткөн. Ошондой эле аталган фонддун эсебинен республика боюнча 9 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

"Ал эми республикалык бюджеттин эсебинен 2 объектинин курулушу жүргүзүлдү. Мекемелердин курулушуна жалпысынан 444 миллион 300 миң сом акча каражаты сарпталды. Анын ичинен 363 миллион 100 миң сому фонддун эсебинен, 81 миллион 200 миң сому республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн.

Бүгүнкү күнгө карата 14 объектинин ичинен 10 саламаттыкты сактоо объектилеринин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери толугу менен бүткөрүлдү. Бул негизинен 1 миң 141 орунга ылайыкташтырылган. Алардын ичинен Чүй облусу боюнча 2 объектинин оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул болсо Кемин районундагы Орловкадагы 45 орундуу оорукана. Ошондой эле Токмок шаарындагы 216 орундуу оорукана оңдоо иштери жасалып, пайдаланууга берилди", - деп билдирди Бөрүбаев.

Мындан сырткары бир катар облустарда дагы ооруканалар оңдолуп пайдаланууга берилген.

"Баткен облусундагы бейтапкананын имараты кайрадан оңдоп-түзөө иштеринен өттү. Жалал-Абад облусу боюнча Көк-Жаңгак шаарындагы 60 орундуу оорукана жана түштүк аймактык жүрөк кан-тамырлар борбору оңдолду.

Ысык-көл облусунун Каракол шаарындагы 150 орундуу облустук ооруканасы жана Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу ооруканасы оңдолду. Ош облусу боюнча мурда иштебей калган Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы лицейдин профилин өзгөртүп аны 150 орунга ылайыкташтырган оорукана пайдаланууга берилди", - деп билдирди Самат Бөрүбаев.

Жаңы курулган объектилер боюнча Бишкек шаарындагы 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Мындан сырткары учурда 4 объектинин курулуш иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: