super.kg logo

"Globus-Өзгөн" жана "Globus-ЦУМ" жаңы дүкөндөрү ачылды

 

Өлкөгө кеңири белгилүү болгон Globus дүкөндөр тармагы кардарларына дагы да жакын болуп калды. Жакында эле компания Бишкекте жана Өзгөндө эки дүкөнүн ачты.

Муну менен Бишкек шаарынын борборунда пайдалуу сатып алууларды жүргүзүү мурдагыдан да ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп калды. Арзан баалар аймагы эми ЦУМдун имаратында да бар, 15-декабрдан баштап андагы Globus супермаркети өз ишин баштады.

Globus дүкөндөр тармагы азык-түлүктөр жана башка товарлар сапаттуу, ошол эле учурда кымбат баада болбошу керектиги ар бир кыргызстандык үчүн маанилүү экенин түшүнөт. Ошондуктан, дүкөндөр тармагы өз кардарларына тармактын бардык дүкөндөрү үчүн бирдей ыңгайлуу бааларды коюп келет. Бул эреже республикадагы бардык дүкөндөр тармагында сакталат. 16-декабрда Өзгөндө Globus супермакертинин ачылышы өттү.

Жаңы дүкөндөрдөн бул тармактын башка соода түйүндөрүндөй эле сиздин жашооңуздун ыңгайлуулугу үчүн керек болгон бардык буюмдарды таба аласыз: бурап ачкычтан тартып эксклюзивдүү шоколад, кымбат-баалуу алкоголго чейин, айтор баарын. Globus’тун ар бир кардарына товарлардын абдан кеңири ассортименттери кепилденген! Товарлардын ар түрдүүлүгү – өзгөчө Жаңы жыл алдында, майрамга даярдык көрүп жаткан учурда абдан жагымдуу.

Globus дүкөндөрүндө Жаңы жыл майрамына карата керектүү буюмдардын баары бар: эң сонун жасалгалар, гирляндалар, оюнчуктар, үй-бүлө мүчөлөрү жана достор үчүн белектер, ошондой эле майрамдык дасторкон үчүн ар кандай даамдар! Мунун бардыгы жагымдуу баада.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.12.2020. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да бир бизнесмендики болсо керек
23.12.2020. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кымбат
23.12.2020. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оа базардан кымбат экен барып көрдүм албай кайра базардын ичи арзан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: