super.kg logo

Депутат Момбеков: "Жол кырсыгынын саны азайбаса "Коопсуз шаар" долбоорун кантип максатына жетти деп айтабыз?"

 

"Жол кырсыгынын саны азайбаса "Коопсуз шаар" долбоорун кантип максатына жетти деп айтабыз?" - деп бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитет жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

"Жол кырсыгы 18 пайызга азайды деп айтып жатасыңар. Ички иштер министрлигинин коллегиясында былтыркы жылы 9 айдын жыйынтыгы боюнча жол кырсыктары республика боюнча 12 пайызга көбөйгөн. Өлгөндөрдүн саны 9 пайызга көбөйгөн деп айткан. Быйылкы жылдын 9 айында былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыгынан 496 адам каза болуптур. Былтыркы жылы 429 адам каза болгон.

Силер "Коопсуз шаар" долбоору максатына жетти деп айтып жатасыңар. Мунун максаты негизги жол кырсыктарын, адам өлүмдөрүн азайтуу болчу. Азайбаса кантип максат аткарылат? "Коопсуз шаар" долбоору - жоопсуз долбоор. Бул коммерциялык долбоор деп эки жыл каршы туруп келген үчүн көрбөгөн куугунтукту көрдүм. Президентке чейин чакырып алып "Коопсуз шаар" долбоорун көтөрбөчү деп айтты", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.12.2020. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коопсуз шаар деген камералар жон эле акча топтоо экен,авария азайган жок,кайра Российский,Армениянын номери менен жургон машиналар кобойду,штрафты 500 сомго тушуруу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: