super.kg logo

"12 миллион 700 миң сом каражат бөлүнгөн". Быйыл бүткөрүлгөн ооруканалар керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыз болду

 

Быйыл бүткөрүлгөн саламаттыкты сактоо объектилери керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалды. Ал үчүн республикалык бюджеттен 12 миллион 700 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу брифингде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

"Мындан тышкары, "Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк" фондунун эсебинен республика боюнча 27 оорукананы борборлоштурулган суюк кычкылтек менен камсыздоо системи жана газификатор менен жабдуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Түзүлгөн келишимдин негизинде жалпысынан 142 жарым миллион сомго келишимдер түзүлүп, бүгүнкү күндө 27 объектинин 25инде жумуш иштери аяктады. Бүгүнкү күндө калгандарын камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан газификаторлордун биринчи партиясы өндүрүүчү заводдон жүктөлүп, өлкө аймагына кирүүдө. Экинчи партиясы жасалган заводдо жүктөгөнгө даяр турат", - деп билдирди Самат Бөрүбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: