super.kg logo

Ошто коррупция менен күрөшүүдө эсепке түшкөн акчага мектептин кошумча имараты ачылды

 
Бүгүн, 22-декабрда Ош шаарындагы №7 Нариман атындагы мектеп-гимназиясынын 500 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушу ишке берилип, кызыл тасмасы кесилди. Салтанаттуу иш-чарага президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаар тургундары жана билим берүү тармагында эмгектенген мугалимдер катышты.
Талант Мамытов сөз сүйлөп, жаңы окуу имаратынын ачылышы менен куттуктады. Аталган мектеп коррупция менен күрөшүүдө атайын ачылган эсепке түшкөн акча каражатынын эсебинен каржыланган.
Бирдиктүү депозиттик эсептен курулуп жаткан окуу корпусу 3 кабаттан, 24 окуу класстан турат. Андан сырткары ашкана, эмгек канасы, медкабинети, мугалимдер каналары, китепкана жана окуу залы камтылган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: