Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат
Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Тийиштүү чечимге өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койгону маалымдалат.
"Аталган чечим мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүү шарттарды кеңейтүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өстүрүү максатында кабыл алынган. Аталган өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары өкмөттүн 2020-жылдын 29-июнундагы №363 токтому менен бекитилген “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келет", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.