Айгүл Текебаева Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүндө түшкөн сүрөттү жарыялады



Айгүл Текебаева Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүндө түшкөн сүрөттү жарыялады. Анда ал Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүн үй-бүлөсү менен белгилегенин жазган.
Кечээ, 22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 62 жашка толду. Саясатчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына туулган күнү менен куттуктагандарга ыраазычылык билдирип, видео жарыялады.
"Мен үчүн өзгөчө күн мындан эки жыл мурунку туулган күнүм болгон. Анда мен түрмөдө элем. 60 жашка толгонумду Болот Шердин демилгеси менен партиялаштар белгилейбиз деп калды. Мага бул идеяны айтканда каршы болдум. Анткени туулган күнүмдү чоң белгилеп көнгөн эмесмин, бирок Болот Шер, партиялаштар уккан жок. "Бул сенин туулган күнүң эмес, партиялык чоң аракет" деп айтышты. Аймактарда жана Бишкекте туулган күнүмдү белгилешти. Болот ооруса да өзү кызмат кылып чуркап жүрдү. Тилекке каршы Болот Шер биздин арабызда жок", - деди ал.








1 |