Лионель Месси легендарлуу футболчу Пеленин рекордун жаңылады
Кечээ, 22-декабрда футбол боюнча Испания чемпиондугунун алкагында "Вальядолид" командасы өз үйүндө каталондук "Барселона" клубун кабыл алды.
Оюндун 65-мүнөтүндо атактуу футболчу Лионель Месси гол жаратты. Муну менен Месси "Барселона" клубундагы 644-голун киргизип, легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин бир клуб үчүн жараткан голдорунун рекордун жаңылады. Пеле "Сантос" клубунда ойноп жүргөндө 643 гол киргизген.
Лионель Месси "Барселона" клубунда 2003-жылдан бери ойноп келет. Ал эми Пеле "Сантос" клубунда 1956-жылдан 1974-жылга чейин ойногон.
"Вальядолид" - "Барселона" (0:3);
Голдор: Клеман Лангле (21-м), Мартин Брейтуэйт (35-м), Лионель Месси (65-м).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Комментарийлер(2)
Almazhhhh

23.12.2020. 12:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Месси гений!
Argen-9393

25.12.2020. 22:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси ийгилик!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.