Бишкекте металл эритүүчү казан жарылып 3 жаран жаракат алган. Бирөөсүнүн абалы оор
Бишкекте металл эритүүчү казан жарылып, 3 жаран жаракат алган. Биринин абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Жаракат алган 25 жаштагы жарандын абалы дагы деле оор бойдон калууда. Учурда жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми эки жаран күйүк бөлүмүнө кайрылган. 37 жаштагы жаран биринчи жана экинчи даражадагы күйүк алган. Учурда күйүк бөлүмүндө дарыланууда. Абалы канааттандырарлык. Ал эми 46 жаштагы жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылды", - деп билдирди мекемеден.
Кечээ 22-декабрда саат 15:00 чамасында Бишкек шаарындагы мурдагы "Фрунзе" заводундагы металл эритүүчү казан жарылып, 3 жаран жаракат алган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөнү маалымдалган.

