Майк Тайсон менен Рой Жонстун допингге каршы тапшырган тестинин жыйынтыгы чыкты
29-ноябрда АКШнын Калифорния штатында беттешкен атактуу мушкерлер Майк Тайсон менен Рой Жонстун допингге каршы тапшырган тестинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, беттештен кийин эки мушкер тең допингге каршы тесттен өткөн. Анын жыйынтыгы кечээ, 22-декабрда чыгып, эки мушкерден тең допинг аныкталган эмес.
Майк Тайсон беттешке бир күн калганда марихуана чеккенин мойнуна алган. Бирок бул зат ВАДАнын тизмесинде жок.
Тарыхта калчу эки мушкердин беттеши - тең чыгуу менен аяктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.