"Карызга алган унаалардын акчасын төлөбөй жүргөн". Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
Милиция кызматкерлери Бишкек шаарында унаалар менен алдамчылык кылып жүргөн деп шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 16-ноябрда Октябрь РИИБине М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда февраль айында Чолпон-Ата көчөсүндө О.Ж. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, алдамчылык жол менен бөлүп-бөлүп сатып алууну убадалап, жалпы баасы 28 миң доллар түзгөн Toyota Highlander жана Honda CRV үлгүсүндөгү унаасын 7 миң 500 долларын гана төлөп, калганын бербей из жашырып кеткен.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Almazhhhh

23.12.2020. 12:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакалды ортого салып жан бакмай алдамай экен да!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.